Бишкектик "Алга" футболдук клубу өлкө чемпиондугунда коло медаль тагынганы үчүн мэрия тарабынан сыйланды. Медалдарды жана айрым футбол адистерине ыраазычылык баракчасын мэриянын аппарат башчысы Мелис Жунушалиев тапшырды.
Мэриядан кабарлашкандай, ал футболчуларга жаштарга үлгү болуп, ийгиликтерди жаратканга тилектеш экенин билдирди.
Кошумчалай кетсек, быйыл ТОП-Лигага 7 команда катышкан. Чемпиондукту Ош мэриясына караштуу "Алай" футболдук клубу камсыздаган. Ал эми 2-орунду бишкектик "Дордой" ээлесе, коло медаль "Алай" футболдук клубуна тийген.
Мелдеш жадыбалы:
1-орун. "Алай", 18 оюн, 45 упай
2-орун. "Дордой", 18 оюн, 43 упай
3-орун. "Алга", 18 оюн, 39 упай
4-орун. "Абдыш-Ата", 18 оюн, 22 упай
5-орун. "Кара-Балта", 18 оюн, 14 упай
6-орун. "Ала-Тоо", 18 оюн, 10 упай
7-орун. "Алдиер", 18 оюн, 7 упай