Кечээ, 23-декабрда футбол боюнча Италиянын Суперкубогунда "Милан" жана "Ювентус" командалары кез келишти. Катардын Доха шаарында өткөн беттештин негизги убактысы 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. "Ювентустун" коргоочусу Жоржо Кьеллини эсепти ачса, миландыктардан Жакомо Бонавентура эсепти теңеди.
Командалар кошумча убакытта да эсепти өзгөртө алышкан жок. Жыйынтыгында миландыктар пенальтилер сериясында жеңүүчү аталышты (4:3). Анда чечүүчү мезгил "Миландын" 17 жаштагы дарбазачысы Жанлуижи Доннарумманын атаандаштардын лидерлеринин бири Пауло Дибаланын соккусун тосуп алганы болду.
"Милан" бул жеңиши менен өз тарыхында 7-ирет суперкубокко ээ болду.