Кыргыз волейболчулары Азия чемпиондугунда Мальдив аралдарынын курамасын утуп, упайларынын санын 6га жеткиришти

Дакка шаарында (Бангладеш) учурда волейбол боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Мелдешке "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 9 команда катышууда.

КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, улуттук курамабыз экинчи беттешинде жеңишке жетишти. Команда буга чейинки оюнунда Ооганстан курамасын уткан (3:1). Бүгүн, 24-декабрда волейболчуларыбызга Мальдив аралдарынын курамасы каршы турду. Анда кыргыз спортчулары 3:0 эсебинде жеңишке жетишип, 6 упай топтошту.

Кезектеги оюн 25-декабрда Бангладеш курамасына каршы болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Beku89
2016-12-24 17:43:21
Мына билгенмин биздин волейболчулар кучтуу экенин
0
BekAmir
2016-12-24 18:38:48
Алга азаматтар
0
nur_zhoni
2016-12-24 18:39:26
Алга 25 да женгиле жаны жылга жакшы жанылык болсун
0
tulpar90
2016-12-24 19:06:10
Ортодогу арык мага окшошко.
0
taalai9411
2016-12-24 19:14:25
Азаматсынар Аалга кыргызстан
0
Aizirek0805
2016-12-25 02:14:39
Алга Кыргызстан!
0
Kojosh80
2016-12-25 13:24:47
Ортодогу дагы Кыргызстанга ойнойбу мурда корбогон экем
0
Ali-91
2016-12-25 15:32:55
АЛЛАХ колдосун,алга Кыргыз!!!!
0
nur_zhoni
2016-12-25 20:47:54
Супер админ бугунку оюн жонундо маалымат беринизчи суранам
0
Beku89
2016-12-25 21:25:36
Бугун биздин оюнчулар Бангладешти 3:2 эсеби менен утуп топто биринчи орунга чыгыптыр. Эми эртен Непал менен ойнойт. Эгерде бул турнирден биринчи орун алса кийинки жылы кубок Азияда ойноп калышы мумкун биринчи жолу оюнчуларыбыз
0
Beku89
2016-12-25 21:27:38
Ушул оюндардын видеосун жуктоп койсонор сонун болмок да коргум келип эч кайсы сайттан таппай жатам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан