24-декабрда Москвада көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул батирде 4 жаштагы бала жана анын чоң энеси менен бирге маркумдун ата-энеси да жашачу. Жүрөк үшүн алган окуя учурунда алар үйдө болгон эмес.
Каза тапкан кыздын денесинин 14 жеринен тактар табылган. Айрым телеканалдар бул батирде 1 бөлмөнү Кыргыз жеринен келген үй-бүлө ижарага алганын айтышууда. Полиция кызматы эшиктин сындырылбаганын аныктады. Болжолдуу түрдө 12 жаштагы кыз өзүнө кол салган адамды таанып, ошол себептүү эшикти өзү ачып берген. Кылмышты жасоого 3-4 адамдын катыштыгы бар болушу мүмкүн.
Каза тапкан кыздын ата-энеси окуяга улуу кызынын мурунку жолдошунун тиешеси бар болушу мүмкүн деген пикирде.
Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү кылмышка шектүүнүн колго түшкөнүн кабарлады. "Ал адам Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган. Кармалган адам иликтөөчүлөргө тапшырылды", - деген ал. Айрым маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү Чынгыз Ж. аттуу адам Кыргыз жерине кетүүгө аракет кылып, аэропортко барган.
Кылмышка шектүү жаран 12 жаштагы кыздын жакын туугандары менен бир батирде жашаган. Сурак жүрүп жатканда кылмышка шектүү кылмышты жасаганын моюнга алган.