Бишкектеги кафеде чыккан өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат саат 14:21 чамасында келип түшүп, анда Чүй кең көчөсү,№158 дарегиндеги 3 кабаттуу имараттын (мурдагы “Айпери” турмуш-тиричилик үйү) 2-кабатында жайгашкан Т.Ахмедовго тиешелүү “Center bar” кафесинин ички тарабында өрт болуп жатканы айтылган. Өрт саат 15:54тө чектөөгө алынып, саат 21:14тө толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен кафедеги телевизорлор, муздаткычтар, компьютерлер, жылыткычтар, асма шамдар, караоке аппараты, столдор, отургучтар, шкафтар, дивандар, терезелер күйүп, эсеп-кысап бөлмөсү менен суусундуктар сакталуучу кампаны бөлүп турган жыгач дубалы, гипсокартондон капталган шыбы күйгөн. Ошондой эле имараттын чатырында жайгашкан желдетүүчү шахтасынын ичинде жыйылган болжол менен 1 тоннага жакын рубероид (толь) күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.