Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук командасы Бангладеш өлкөсүн утуп алды. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кыргыз спортчулары Бангладеш өлкөсүн өз мекенинде 3:2 эсебинде артта калтырышты. Жыйынтыгында улуттук курамдын капчыгына 8 упай топтолгон. Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча курама командасы бүгүн, 26-декабрда Бишкек убактысы боюнча 14:00дө Непал өлкөсүнүн командасы менен беттешет.
Эске салсак, улуттук команда буга чейин Ооганстан курамасын 3:1, ал эми Мальдив аралдарынын курамасын 3:0 эсебинде жеңип, 6 упай топтогон.