ЖЫЛНААМА, 26-ДЕКАБРЬ: "Непара" дуэтинин ырчысы, обончу Александр Шоуа 43 жашка толду

Орусиялык обончу, "Непара" дуэтинин ырчысы Александр Шоуа 43 жашка толду. Ал 1973-жылы 26-декабрда Грузиянын Сухуми шаарында төрөлгөн. Атасы музыкант, апасы шахматчы болгон. Ырчы бала кезинен музыкага жакын болуп, достору менен футбол ойногондон көрө үйүндө фортепианодо ойногонду жакшы көргөн. Бул кызыгуусу аны Сухуминин музыкалык окуу жайынан билим алууга жеткирген. Андан соң Москва шаарына келип, дүкөндөрдүн биринде жүк ташуучу болуп иштеген. Кийинчерээк ошол учурдагы популярдуу болгон "Арамис" поп-тобунда аранжировкачы жана музыканттын ордун ээлеген. Ошондон тартып анын музыка дүйнөсүнө кызыгуусу ого бетер күч ала баштаган.

Чыгармачылыктын жолунда жүрүп "Восток" деген топ менен таанышып калган. Алар аркылуу Германияда иштеп келет. Ошентип жүрүп акыры чыгармачылыкка баш-оту менен киришүүнү чечкен. Александр Шоуа 2002-жылы күз айында Москва шаарында Виктория Тальшинская менен биргеликте "Непара" тобун түзгөн. Аталган топ орус шоу-бизнесине жаңы жанр алып келип, анын "Бог тебя выдумал", "Другая причина" жана "Плачь и смотри" деген ырлары хитке айланган. 2012-жылы дуэттеги ырчылар кызматташууну токтотуп, топтун тараганын билдиришкен. "Непаранын" ырларынын дээрлик бардыгы бири-бири менен чогуу боло албаган эки жаштын сезимдерин түшүндүргөн сүйүү темасындагы ырлар болгондуктан, ырчылардын ортосундагы мамиле көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып келген. А.Шоуа 2012-жылы топ тараганда В.Тальшинская экөө мурда сүйүү мамилесинде болуп, бирок сезимдер өчкөнүн, күндөн-күнгө ортолорундагы мамиле начарлап кеткендиктен топ тарап жатканын коомчулукка билдирген. Ошол эле жылы А.Шоуа Наталья аттуу кызга үйлөнүп, кыздуу болгон.

2015-жылы "Непара" дуэти кайра биригип, чыгармачылык менен кызуу алектене баштаган.

26-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан