ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: Мындан 45 жыл мурун орусиялык актёр Сергей Бодров төрөлгөн

Орусиялык актёр Сергей Бодровдун (кенжеси) көзү тирүү болгондо, 45 жашка толмок. Орусиялык сценарист, режиссёр Сергей Бодровдун уулу 1971-жылы 27-декабрда Москва шаарында төрөлгөн. Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүрүп, өз кесиби менен иштебей, журналист, жан сакчы болуп эмгектенген.

1995-жылы атасы "Кавказ туткунун" тартууга Дагестанга жөнөп баратканда Сергей аны ээрчип алган. Ал жерден атасы ага башкы каармандын ролун сунуштап, Сергей Бодровдун кинодогу тушоосу кесилген. "Кавказ туткунуна" тартылып жаткан кезинде режиссёр Алексей Балабановдун көзүнө илинип, ал болочоктогу актёрго "Ага" ("Брат") деген тасмага тартылууну сунуштаган. 1996-жылдан 1999-жылга чейин Сергей Бодров ОРТ телеканалынын "Взгляд" телеберүүсүн алып барып, ал жерден өмүрлүк жары Светлана Михайловага жолугат. Экөө 1997-жылы баш кошуп, бир жылдан кийин Ольга аттуу кыздуу болушкан. Сергей Бодров көчкүнүн астында калардан бир ай мурда Александр деген уулу төрөлгөн. Актёр 1998-жылы чет өлкөлүк "Стрингер" жана 1999-жылы "Чыгыш-Батыш" фильмдеринде роль аткарган. 2001-жылы ал алгачкы жолу режиссёрлук кылып, драмалык боевик жанрындагы "Эже-сиңдилер" тасмасын тартып, ага өзү да катышкан. Ошол эле жылы күзүндө актёр "Последний герой" теледолбоорун алып бара баштаган.

Кино жаатында бир топ эле таанылып калыптана баштаган кезде 2002-жылы Сергей Бодров "Связной" деген тасманы Осетиядагы окуяга байланыштырып тартмай болот. Өзү башкы каармандын ролун аткарып, ошол эле учурда режиссёр да болуп, кинонун сценарийин да жазган Сергей Бодров 19 кишини алып Кавказга аттанат. 30 жаштагы актёр кино тартуу үчүн Кармадон капчыгайына кирерде 150 метр мөңгү басып, адамдар дайынсыз жоголгон. Алардын сөөгүн коопсуздук кызматында иштегендер күнү-түнү издешсе да кырсык болгон жерден эч кимиси табылган эмес. Апасы Валентина Бодрова туугандарынын каршы чыкканына карабай коопсуздук кызматында иштегендер менен чогуу Кавказга барган. 17 адамдын сөөгү табылып, анын ичинен Бодровдукун таба алышкан эмес. Уулунун сөөгү табылбаганына деми суубай, жүрөгү ооруган эне эки жумадан ашык жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Арадан алты жыл өтүп, "Сергей Бодровдун сөөгү табылды" деген маалыматка көпчүлүк кулагын түргөн. 30-35 жаштагы адамдын сөөгүн чогултушуп экспертизадан өткөргөн адистер табылган сөөктөр Сергей Бодровго таандык же таандык эместигин так айтуудан алыс болушкан. Ушул күнгө чейин табылган сөөк Бодровдукубу же башканыкыбы так аныкталбай келет.

27-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aikoo2014
2016-12-28 17:33:40
Тируу болгондо канчалаган кинолордун багын ачмак беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан