ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: Белгилүү франциялык актёр Жерар Депардье 68 жашка толду

Белгилүү франциялык актёр Жерар Депардье 68 жашка толду. Ал 1948-жылы 27-декабрда Франциянын Шатору шаарында жарык дүйнөгө келген. "Алтын глобус" сыйлыгынын лауреаты, "Сезар" сыйлыгынын эки жолку ээси Жерар Депардье Францияда гана эмес, бүт дүйнө жүзүнө таанымал таланттуу актёр. Жерар Депардье комедияларда гана эмес, мелодрама, тарыхый тасмаларда да роль жараткан. Ал Жан-Поль Бельмондо, Ален Делон сыяктуу белгилүү актёрлор менен катар СССРдин аймагында атактуулукка жеткен. Аны көпчүлүк Пьер Ришар менен чогуу тартылган "Аталар", "Качкындар", Кристиан Клавье менен биргеликте тартылган Астерик менен Обеликс жөнүндөгү комедиялары аркылуу таанышат.

1970-жылы Ж.Депардье актриса Элизабет Гиньё менен баш кошуп, 1 уул жана 1 кыздуу болушкан. 26 жыл чогуу жашаган соң, 1996-жылы ажырашып кетишкен. Уулу Гийом жана кызы Жули ата-энесинин жолун жолдоп актёрлук кесипти тандап алышкан. 2008-жылы Гийом оорудан улам 38 жашында каза болгон.

Түрдүү жанрдагы "Менин атам - баатыр", "Жолу болбогондор", "Периште менен шайтандын ортосунда", "Дантон", "Сирано де Бержерак", "Наполеон", "Распутин", "Пинин жашоосу" жана "Кыялдар лигасы" - актёр катышкан бегилүү тасмалар. Ж.Депардье актёрлуктан тышкары бир нече ресторандын ээси жана шарап даярдоо бизнеси менен алектенет.

2013-жылдын 5-январында актёр Орусиянын жарандыгын алып, Бельгиянын ардактуу жараны аталган. Ж.Депардье быйыл режиссёр Фанни Ардандын "Сталиндин диваны" аттуу тасмасында Иосиф Сталиндин образын жараткан.

27-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Namystan
2016-12-27 14:19:06
Франциялык эмес француз актер десе туура болот да. Себеби ал азыр орусиялык.
+1
Aiko_92_29_08
2016-12-27 14:20:14
Эмне кереги бар экен эми бунун
+1
akil.91
2016-12-27 14:53:55
Томондогу жазуум жогорудагы тема менен байланышы жок предупреждаю.
Урматтуу "Супер инфо" "Суперстан"дагы такыр талкууланбай калган темаларды удалить этип салса болобу. Например акыркы 20 кун ичинде бир да талкуусу болбогон темаларды. Антпесе саны коп сапаты жок болуп. Бардак эле короче.
0
admin_portal
2016-12-27 15:00:26
akil.91, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат!
0
akil.91
2016-12-27 15:09:43
Сунушум супер да иш жузуно ашабы же жокпу ошонусу маанилуу.
0
I_love_dance
2016-12-30 10:49:26
akil.91, андай кылууга болбойт да, талкууга алынбай калган темалардын баарын эле жаба берсе, мусорго толуп калбайбы, кайра жабылган темага окшогон темалар ачыла берип... А ачылган темаларын өчүрө берсе авторлор нааразы болот, мисалы. Талкууланбай калгантемалар 20 күн эмес, 3 айдан кийин да уланышы мүмкүн кайра.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан