Бүгүн, 27-декабрда КРнын Эмгек сиңирген артисти, актриса Жамиля Сыдыкбаева 68 жашка толду. Ал 1948-жылы 27-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында жарык дүйнөгө келген.
Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетине тапшырган. Бирок ал окуу жайды аягына чейин бүтпөстөн, Москвадагы ГИТИС театралдык искусство университетине тапшырган. Окуусун бүткөн соң Ош драма театрында эмгектенген. Кийинчерээк борбордогу Кыргыз драма театрына которулуп келип, иштеп калган. Ж.Сыдыкбаева театр артисти Имаш Эшимбеков менен баш кошуп, Булана аттуу кыздуу болушкан.
Актриса "Апамдын махабаты" жана башка бир нече тасмага тартылып, театрда коюлган спектаклдерде роль жараткан. Ошондой эле ал КТРК телеканалындагы "Табигый сырлар" телеберүүсүн 2 жылдай алып барган.
27-декабрга карата жылнаама.