Волейбол боюнча улуттук курам финалда Бангладеш курамасына утулуп, күмүш медаль тагынды

Дакка шаарында (Бангладеш) волейбол боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдешке "Борбордук зона" чөлкөмүнө кирген 5 команда катышкан: Бангладеш, Мальдив аралдары, Ооганстан, Непал жана Кыргыз Республикасы. Жобо боюнча командалар өз ара бирден оюн ойноп чыгышты.

Тайпалык оюндарда алдынкы 2 орунду камсыздаган Бангладеш жана Кыргыз мамлекетинин улуттук курамалары финалда кез келишти. Кызуу өткөн беттеште үй ээлери алгачкы партияны 25:22 эсебинде, экинчи партияны 25:23 эсебинде утуп алышты.

3-партия башталып, эсеп катыштыгы 7:6ны түзүп турганда кыргыз спортчусу Нурмухаммед Токтоев жаракат алып калды. Улуттук курамабызда 6 гана оюнчу калып, жобо боюнча командага техникалык жеңилүү жазылды.

Натыйжада Бангладеш курамасы алтын медалды тагынса, кыргыз волейболчулары күмүш медаль тагынууга аргасыз болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
GENTLEMEN
2016-12-27 17:42:50
Болот ушулда. Азаматсынар жигиттер.
+3
talant87
2016-12-27 17:43:04
алда жакшы ийгилик ийгилик ж/а ийгилик
+3
sher.ella
2016-12-27 17:58:49
Жарай берет
+2
bander
2016-12-27 18:05:19
Аз оюнчу барып калды да, дагы 2,3 оюнчу ала барганда заменге жакшы болмок экен. Оюнду кордум интернеттен. 1 оюнчу мурдагы оюнда травма алган экен анын ордуна пасовщик чыкты оюнга, 1 оюнчу кем ойнодук десек болот. Андан сон 3 партияда дагы 1 нападающий жаракат алып алмаштырууга оюнчу жок утулуп калышты.
+3
batkendik.18
2016-12-27 18:33:12
Кобурок болуп барбан эмеско
Баягы эле маселеда акча жок аз
+3
Freedom07
2016-12-27 19:17:31
Ошондо бангладеш 2:0 кыргызстан болду беле
-1
ruslan1992
2016-12-31 14:50:11
Пойдёт и вперёд!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан