Бүгүн, 28-декабрь - Эл аралык кино күнү. 1895-жылы француз ага-инилер Огюст жана Луи Льюмерлер өздөрү ойлоп тапкан "Синематограф" аппаратына патент алышкан. Ошол эле жылы 22-мартта алар Париж шаарында тарыхтагы алгачкы киносеансты уюштурушкан. Анда алар "Льюмер ишканасынан жумушчулардын чыгышы" деген аталыштагы кыска тасманы досторуна тартуулашкан.
Бирок Кино күнү делип 1895-жылдын 28-декабры эсептелет. Ушул күнү Париж шаарынын Капуцинок бульварындагы "Гранд-кафе" кафесинде элдин калың тобуна дүйнөдөгү алгачкы кыска метраждуу тасма көрсөтүлгөн. Фильм "Ла Сьота бекетине поезддин келиши" деп аталган. Ушул окуяга байланыштуу 28-декабрь кинематографисттердин майрамына айланган. Тасма көрсөтүлүп жатканда көрүүчүлөр орундуктарынан тура качышкан, анткени экрандагы жакындап келе жаткан поезд аларды коюп кетчүдөй таасир калтырган.
28-декабрга карата жылнаама.