SUPER.KG порталына "КВН. Жогорку Лиганын толук версиясы" (ник: Belle) деген видео жүктөлдү.
Көпчүлүк күткөн КВНдин финалы 23-декабрда "Азия Mix" командасынын чемпион болушу менен жыйынтыкталды. Анда "Спарта" (Астана), Мурманск шаарынын курама командасы, "Азия Mix", Москва мамлекеттик циркинин курама командасы жана "Радио Свобода" (Ярославль) командалары жеңиш үчүн ат салышкан. Алардын тамашаларын Татьяна Навка, Константин Лавроненко, Семён Слепаков, Сергей Гармаш, Михаил Галустян, Юлий Гусман баалашкан. Жаңы жылга карата майрамдык финал кандай өткөнүн, мекендештерибиз кандай кызыктуу оюн көрсөтүп, чемпион аталганын кененирээк видеодон көрүңүз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.