Бүгүн, 28-декабрда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында Эрмек Таалайбеков жана Белек Тургунов режиссёрлук кылган "Папин Новый год" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Ага тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, медиа өкүлдөр катышты. Кино жаратуучулардын айтымында, үй-бүлөлүк комедиялык тасма Жаңы жыл майрамына кыргыз-казак элдерине белек катары сунушталууда.
Тасмада роль жараткандардын бири, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын актёру Анатолий Адали образы тууралуу мындай дейт: "Мен тасмада жаш кезинде үй-бүлөсүн ойлобогон адамдын образын жараттым. Бир топ жашка барганда уулдарына көңүл бурбай койгонуна өкүнүп, катасын оңдоого аракет кылат... Чыныгы жашоодо андай эмесмин, үй-бүлөмдү сүйгөн камкор атамын".
"Папин Новый год" тасмасынын продюсери Санжар Мыкыев: "Папин Новый год" тасмасы - Жаңы жыл алдында үй-бүлө мүчөлөрүн, досторду чогултууга себеп болгон жакшы комедиялык тасма. Биздин өлкөдө ар улуттун өкүлдөрү жашайт, андыктан баарына түшүнүктүү болушун да ойлодук. Тасма биздин өлкөдө эле эмес, бир учурда Казакстандын да кинотеатрларына прокатка чыгат. Ошол үчүн орус тилинде тартылды. Анда кыргыз-казак элинин белгилүү профессионал актёр-актрисалары роль жаратышты", - дейт.
Ал эми казакстандык актёр-актрисалар айрым бир себептерден улам бүгүнкү премьерага келе албай калышканын, 12-январдан тарта Алматы шаарында аталган тасма көрсөтүлөрүн кошумчалады С.Мыкыев.
"Папин Новый год" тасмасында байлык, карьера деп жүрүп үй-бүлөсүн унуткан, уулдарынын кантип өскөнүн, тарбиясын көрбөй калган ата жөнүндө болот. Бир топ жылдар өтүп, улгайган ата Жаңы жыл майрамын уулдары менен бирге өткөрмөкчү болот. Бирок ата мээримин көрбөй чоңойгон уулдар атасын көрүп кетүүнү ойлоп да коюшпайт. Мына ошондо абышка жакын досу менен түрдүү ыкмаларды ойлоп таап, ар тарапка кеткен бир туугандарды чогулта башташат... Түрдүү мүнөздөгү бир тууган жигиттер чогулуп, атасына акыркы жолу жаңы жылдык майрам уюштурмакчы болушат. Окуянын баары тамаша, күлкү, жигиттердин мушташы менен коштолот.