ЖЫЛНААМА, 28-ДЕКАБРЬ: "Илайдын китеби", "Гангстер" тасмаларында роль жараткан америкалык актёр Дензел Вашингтон 62 жашка толду

Америкалык актёр жана кинорежиссёр Дензел Вашингтон 62 жашка толду. Ал 1954-жылы 28-декабрда АКШнын Нью-Йорк штатындагы Маунт-Вернон шаарында туулган.

Мектепти аяктаган соң Нью-Йорктогу Фордхем университетине тапшырып, алгач медицина, кийин биология, журналистика бөлүмдөрүндө окуган. Андан соң Сан-Францискодогу консерваторияга тапшырып, актёрлук карьерасын баштаган. Дензел Вашингтон "Улуу теңдөөчү", "Эки мылтык", "Экипаж", "Илайдын китеби", "Гангстер" сыяктуу көптөгөн тасмаларда роль жараткан. Вашингтон актёрлуктан тышкары "Антуан Фишердин тарыхы" жана "Чоң талашуучулар" тасмаларына режиссёрлук кылган.

1990-жылы актёр "Даңк" тасмасындагы ролу үчүн, 2001-жылы "Машыгуу күнү" тасмасындагы терс каармандын ролу үчүн 2 жолу "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон. Андан тышкары "Ураган" жана "Даңк" фильмдеринде жараткан образдары үчүн "Алтын глобус" сыйлыгын алган.

1983-жылы "Вильма" тасмасын тартуу иштери жүрүп жатканда актёр Паулетта Пирсон аттуу актриса менен таанышып, экөө баш кошкон. Бүгүнкү күндө жылдыздардын ортосунда Оливия, Малком, Жон жана Катя аттуу 4 бала бар.

28-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан