Америкалык ырчы, ырлардын автору, продюсер жана пианист Жон Леженд 38 жашка толду. Ал 1978-жылы 28-декабрда АКШнын Огайо штатындагы Спрингфилд шаарында төрөлгөн. Өзүнүн аты-жөнү - Жон Стивенс. Ага Леженд деген лакап атты кесиптештеринин бири анын ырдоо манерасына байланыштырып коюп койгон. Ырчынын ата-энеси да чыгармачыл адамдар болушкан. Атасы барабанда ойносо, апасы чиркөө хорунун жетекчиси жана солисти болуп иштеген. 4 жашында пианинодо ойноону үйрөнүп, 11 жашынан тарта хордо ырдап, ыр жаза баштаган.
Анын атактуулукка жетишине продюсер, рэпер Кэни Уэсттин салымы чоң болгон. 2001-жылдын аягында Ж.Леженддин ырдаганын көргөн Уэст ага чогуу иштешүүнү сунуштаган. 2004-жылы 28-декабрда ырчынын "Get Lifted" ырлар жыйнагы жарык көргөндөн кийин атактуулукка жетип, бир нече сыйлыкка ээ болгон. Алардын арасында 5 "Грэмми" сыйлыгы бар.
2013-жылы сентябрь айында Ж.Леженд Комо көлүндө модель Крисси Тейген менен үйлөнүү тоюн өткөргөн. Тойдогу кадрлар анын 2013-жылы чыккан белгилүү "All of Me" ырынын клибине кирген. Ал эми 2014-жылы ырчы "Сельма" тасмасына чыгарган "Glory" ыры үчүн "Оскар" сыйлыгын алган.
28-декабрга карата жылнаама.