Сербиялык теннисчи Ана Иванович профессионалдык карьерасын жыйыштырды. 28 жаштагы спортчу бул чечимди кабыл алуу кыйын болгонун, бирок артында өзү сыймыктана турган ийгиликтер бар экенин билдирди.
"Мен жогорку деңгээлде оюн көрсөтүүнү улантам деп ойлогом. Бирок бул менин колумдан келбей калганын түшүндүм", - дейт спортчу.
Теннисчи ушул жылы 12-июлда футбол боюнча Германия курамасынын жарым коргоочусу Бастиан Швайнштайгерге турмушка чыккан.
А.Иванович 2008-жылы "Ролан Гаррос" мелдешин уткан. Ошол эле жылы Айымдардын теннис ассоциациясынын рейтингинде алдынкы сапка чыккан.