Эртең, 31-декабрда дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир үй-бүлөдө Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленет. Бул күнү элдер дасторкон жайып, жакын санаалаштар, достор, бир тууган, үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, бири-бирине жакшы каалоо-тилектерин айтышат.
Кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандары Жамал Сейдакматова, Керим Турапов, Гүлшайыр Садыбакасова, Бактыбек Мамытов эли-журтуна болгон куттуктоолорун SUPER.KG порталы аркылуу билдиришти.
ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА, КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ: "ЭЛ-ЖУРТУМА ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК, БИРИМДИК КААЛАЙМ"
"Жалпы эл-журтка жакшылыктан башка эмнени каалайбыз?! Акыркы 5 жылда өлкөдө өйдө-төмөн толкундар болбой, тынч болгону кубандырат. 2016-жыл "Маданият жана тарых" жылы деп аталып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу бир топ жакшы маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Андыктан, эң башкысы, элиме тынчтык, ынтымак, биримдик каалайм. Тынчтык, ынтымак болсо, эл-жер, маданият, искусство өнүгөрү талашсыз.
Ошондой эле искусствого көп көңүл бурулса, эл тойканада эле жүрбөй, концерт-театрга келсе деген өтүнүч бар. Жакшы маалыматтарды убагында жеткирип турган сиздердин жамаатка да ийгилик!"
КЕРИМ ТУРАПОВ, КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ: "АР БИР ИНСАН ЖАКШЫ ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШСҮН"
"Өтүп бара жаткан жыл кыргыз эли, жери үчүн абдан жакшы жылдардан болду. Эң негизгиси, туруктуулук болуп, элибиз өз аракети менен жакшы ийгиликтерге жетишти. Өлкөдөгү болгон тынчтыктын өзү чоң байлык. Буга Жаратканга шүгүр дейли. Себеби дүйнөдөгү эң мыкты, гүлдөгөн, бай өлкөлөрдү да жаратылыштын кырсыгы, согуш, түрдүү кыйынчылыктар каптады.
Жергебизде тынчтык болсун. Жашоо - бул күрөш, андыктан ар бир адам өзү кыялданган, көксөгөн жакшы жашоосу үчүн күрөшсүн. Аракет кылса, ойлогон оюна жетет. Жараткан кышты кыштай, күздү күздөй, жазды жаздай берсин. Күз берекелүү болсун. Кыргыз элине жакшы пейил, жакшыны "жакшы" деген ыйман берсин. Ар кайсыны жаман дей берсек, анын арты жаман боло берет. Андыктан жакшы сөздөрдү айталы.
Чыгармачыл инсандарга да ийгилик, ар бир адамдын жүрөгүнө жеткен, ойлонто турган, терең мазмундуу, оор басырыктуу опера, симфония, обон, күү, ырлар жаралсын. Ошонун баары эл үчүн жазылсын. Кыргыз элине бакубат жашоо, ар бирине ийгилик каалайм".
ГҮЛШАЙЫР САДЫБАКАСОВА, КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ: "ӨЛКӨБҮЗ ӨНҮГҮП, ДАҢКТУУ МАМЛЕКЕТ БОЛУШУНА ТИЛЕКТЕШМИН"
"Тамыры терең, тарыхы кенен, санжырасы сакталган,
каада-салты, үрп-адаты сакталган касиеттүү кыргыз элимди кирип келген Жаңы жылы менен куттуктайм! Калдайган калың журтума тынчтык, бейпилдик, жетишкендик, токчулук, молчулук, ырыс-ынтымак каалайм.
Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, кубаттуулугу, бакубаттуулугу менен дүйнөгө таанылган даңктуу мамлекет болушуна тилектешмин. Жаңы 2017-Тоок жылыңыздар кут болсун!"
БАКТЫБЕК МАМЫТОВ, ДИКТОР: "ОРУНДАЛБАЙ КАЛГАН КЫЯЛДАР 2017-ЖЫЛДА ИШКЕ АШСЫН"
"Элдин баары Жаңы жылда жакшылыктар болсун деп тилеп, жаңы жылга жаңы тилек, үмүт менен киришет эмеспи. Кыргыз журтчулугуна өткөн жылда жетпей калган, ишке ашпай калган жакшылыктары, каалоо-тилектеринин баары ушул жылы ишке ашсын деп тилейт элем. Деги эле өмүрүндөгү ишке ашпай калган ой-тилеги ушул жылда кабыл болсун.
Эч ким оорубай, бакубат жашоодо жашасын. Үй-бүлөдө, махабатта, жумушта, чыгармачылыкта ынтымак, ийгиликтер болсун! Кудай жамандыктын жүзүн ары кылсын".