Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, бул көрсөткүч менен Тевес футбол дүйнөсүндөгү эң көп маяна алган футболчуга айланды. "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду жылына 21 миллион евро маяна алса, "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессинин жылдык маянасы 20 миллион евро.
Тевес "Афины-2004" Олимпиадасынын алтын медалын тагынган. Европада англиялык "Вест Хэм", "Манчестер Юнайтед", "Манчестер Сити" клубдарында, кийин италиялык "Ювентустун" курамында ойногон.
Кытайдын Суперлигасынын деңгээлин дагы да болсо көтөрүү аракети көрүлүүдө. Эми мелдештин уюштуруучулары белгилүү британиялык калыс Марк Клаттенбургду иштөөгө чакырышууда. Алар Клаттенбургдун артынан белгилүү калыстар Кытайда иштөөгө макул болорунан үмүт кылып жатышат.
Кошумчалай кетсек, 2016-жылы Англия Лигасынын финалында, Чемпиондор Лигасынын финалында жана Европа чемпиондугунун финалында калыстык милдетти аркалаган Клаттенбург "2016-жылдын мыкты калысы" болуп табылган.