Ырчы, куудул Жакут Сыдыков 3-уулдуу болду

Кечээ, 28-декабрда ырчы, куудул Жакут Сыдыковдун үй-бүлөсүндө 4-наристе төрөлдү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге куудул бүгүн, 29-декабрда билдирди.

"Келинчегим ар майрамдарда мага ушундай белек кылганды жакшы көрөт. Бир уулумду 31-августта, 3-уулумду Жаңы жылга саналуу күндөр калганда төрөдү. Дарыгерлер уул деп айтканына карабай кызыма түгөй болсун, кыз төрөлсүн деп күтүп жатканбыз.

Кудайга шүгүр, эненин да, баланын да абалы жакшы, 4 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Азырынча ысым тандай элекпиз. 31-декабрга үйгө чыгарып келсекпи деп турабыз", - деп билдирди Ж.Сыдыков.

Белгилей кетсек, Жакут Сыдыков жубайы экөө буга чейин 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
admin_portal
2016-12-29 14:39:58
akil.91, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
maks94.kb
2016-12-29 14:47:10
3 уул эмес учунчу уулу торолду десек жарашчудай 3уул десе 3 эм торолгонго депмин
+6
Djal1987
2016-12-29 15:09:02
maks94.kb,айтсан туура кабыл албай таарынышат. Олло катачылык коп.
+5
urmatnas
2016-12-29 15:09:44
3 уул 3-чу уул деп туура жазсанар. макаланы киминер жазсанарда кичине кыргыз тилди тагыраак билгенинер жазгылачы.
+4
snejinka
2016-12-29 15:27:19
urmatnas, Кыргыз тилинде "-" тире белгиси "-ынчы" деген мүчөнү билдирет. Иреттик сан атоочтун "ынчы" мүчөсүн, жазма тартипте тире менен алмаштыруу катага жатпайт.
+6
Arslan12
2016-12-29 15:32:58
snejinka,эн туура айттыныз. Булар оздору кыргыз тилин жакшы билишпейт экен комментарий жазгандар
+4
adiletkgz
2016-12-29 16:52:28
Байке бешик боонуз бек болсун. Уулдарыныздын урматын корунуздор
+2
realbek89
2016-12-29 22:19:27
Куттуктайм өмүрүн берсин
0
Kroxa
2016-12-29 22:32:48
Туптуура эле жазылып турат кыргыз тил окуганбы булар??? 3-чу болмок беле??? 3-уулду болду десенер болот болгону бир у ашыкча..уулдуу болбойт..
-1
Gupa
2016-12-30 10:52:24
Kroxa, аягындагы у жок дегениңиз ката болуп калды, үчүнчү (үч-ынчы) уулдуу (уул-луу), мүчөлөрү мына ушундай.
+1
Karloseltapo2010
2016-12-30 05:16:18
омурун берсин ылайым, бирок туура жазып анан киргизсенер боло.
0
Gupa
2016-12-30 10:53:05
Karloseltapo2010, туура эле турат)
0
nurkasym-2014
2016-12-30 10:13:50
Бешик боонуз бек болсун.Жаны жылга жакшы белек болуптур.Чыгармачылыгынызга дем куч кошулуп элдин адамы болуп журо бериниз.Уулунуз атадан артык уул болсун.
0
Ayida
2016-12-31 12:19:41
Мен дагы 3 уул эгиз торолуптур деп ойлопмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан