Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев сот залынан бошотулду

Бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевди шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти карады. Анда УКМКнын тергөө абагынын башчысынын орун басары Нарымбаевди бошотуу өтүнүчүн келтирген. Соттук коллегия ал өтүнүчтү канааттандырып, Данияр Нарымбаев сот залынан бошотулду.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Х.Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган.

Райондук сотто прокурорлор Д.Нарымбаевге "опузалап пара талап кылуу" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери боюнча айыптап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, ал эми Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. 2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазов "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бул чечимди 2016-жылдын 24-майында Бишкек шаардык соту карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 28-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Х.Коркмазов эркиндикке чыккан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
bekos2012
2016-12-29 16:27:40
Жаңы жылга АШАдан белек...
+12
talgat878787
2016-12-29 16:32:02
Бизди кандай гана ХХХ башкарып жатат, өкүнүчтүү ((
+13
admin_portal
2016-12-29 16:45:07
talgat878787, этика нормаларын сактаңыз!
-7
kubat_73
2016-12-29 16:41:09
Бул башынан эле жакшы сценарий менен уюштурулган спектакль экени тушунуктуу болгон.Башкы режиссер АША
+16
KGstan1981
2016-12-29 16:41:54
Детка это называется Кыргызстан))))тоок урдагандар он жылга камалышат ал эми буга окшогон атка минерлер актанып чыгышат.
+14
admin_portal
2016-12-29 16:57:13
talgat878787,
1.Колдонуучу порталдын башкармалыгын талкууга алууга болбойт,
2.Администраторго же модераторго суроо же талабыңызды электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз же "Арыз жана сунуш" бөлүмүнө жазсаңыз болот.
15 күнгө БАН!
-6
Revolyutsiya
2016-12-29 17:03:27
Мына сага Атамбаевдин ооз коптургон "коррупция менен курошуунун" жемиши!!!

Чындап эле козу же тоок уурдагандар 5-6 жылдап камалат да миллиондорду жегендер 1-2 жылда бошотулат... Бийлик озу ууру болгон сон................. ..
+16
Almazbek2211
2016-12-29 23:46:25
Revolyutsiya, Козу де )))
0
meni_kut
2016-12-29 17:12:57
Revolyutsiya,сенин деги бир жакшы комментарийин барбы деги?Качан корбо динге каршы жазып аткан,деги койчу ичин толо ...экен сенин.Негатив адам экенсин.
-15
UlukmanKalyev
2016-12-29 17:30:43
meni_kut, дин боюнча комменттерин окуй элекмин бирок учурдагы бийлик боюнча акты ак караны кара деп айтып жатат.
+6
kubat_73
2016-12-29 18:22:19
meni_kut,Жакшы комментарий жаза турган иш болуп атабы.Атандын горуу ырас эле бошотуптур камап адамдык беделине шек келтириптир ак адамга дейлиби?Негатив экенсин дейсин жашоо озу негатив болуп атса позитивди кайдан табат экен.Жонокой эки сом катып алган неме болсо да бир жон эки жуз мин доллар пара алганды бошотуп атса кайдан жакшы коммент.жазылат айтчы.
+5
ernst_beliydom
2016-12-29 18:22:55
Нарымбаев канча акча берликен...? Мммм дааа
+3
orxidey
2016-12-29 20:24:35
Туурале заман заман кимдин заманы ууру шылуундардын заманы бул кундор да отуп кетеер келечекте Кудайым таза адамдарды жиберсин бийлике.
+6
rukopashnik
2016-12-29 21:00:21
азыркы бийликтегилерди урдумда кол койдум...
+6
Mirbek.86
2016-12-29 21:37:57
Бир классташым ноутбук учун 7жылга кесилди.бизде акыйкаттык жок.булар ушинтип эле акталып кетет.бул бийликтин элди алаксытмай эле оюну да
+5
Almazbek2211
2016-12-29 23:45:27
Менин мекеним КОРУПЦИЯСТАН ))))
+5
arena2014
2016-12-30 00:15:07
3 жыл отуп кеттиби тез эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан