7-8-июнда Бишкектеги Спорт Ордосунда Кааба уулу Кожомкул балбанды эскерүү урматына күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдешке 10дон ашык өлкөдөн 500дөй балбан келип күч сынашат. Атай кетсек, анда Кыргызстан, Орусия, Бурятия, Саха, Чеченстан, Дагестан, Украина, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн күрөшчүлөрү намыс талашат. Алар 7 салмактык категорияда таймаштарды өткөрүшмөкчү.