Ушу-саньда боюнча Борбордук Азия биринчилигинде кыргыз спортчулары 6 медаль тагынышты. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ташкент шаарында өткөн мелдешке Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Орусия жана Кыргыз Республикасынан спортчулар катышты.
Кыргыз спортчулары өспүрүмдөр арасында күч сынашып, 3 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль тагынышты. Алтын медалдарды Дастан Анваров (44 килограмм салмакта), Калмурат Нурдинов (48 кг) жана Жавахир Урманов (52 кг) камсыздашты. Күмүш медалдарды Мухаммед Нарынбаев (36 кг) менен Диербек Гапиров (35 кг) өз наамдарына жазышса, коло менен кайткан жалгыз спортчу Давранбек Ахмаджанов (65 кг) болду.