Белгилүү америкалык көңүл ачуучу "People Are Awesome" порталы өзүнүн интернеттеги баракчасына кыргыз жигиттеринен түзүлгөн "Тумар КР" жана "Адем" бий топторунун бийин жүктөгөн. Ролик ушул жылдын 28-декабрында жүктөлүп, 2 күндө 7,5 миллиондон ашуун көрүүгө ээ болуп, 100 миңден ашуун "жакты" белгиси жана 70 миңден ашуун билдирүү калтырылган.
Чет элдик интернет колдонуучулар "Сөөгү жок жигиттер. Кантип колдорун кайрып жатышат?!", "Азия таланттары, азаматтар!" деген билдирүүлөрдү калтырып, таң калганын айтышууда.