Бүгүн, 30-декабрда ырчы Эдил Маматов 29 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, күйөрмандарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.
"Бүгүн саат 00:30дарда инилерим үстүнө менин сүрөтүм түшүрүлгөн, салмагы 2 килограмм болгон торт белек кылышты. Өздүк майрамымды кечинде кафелердин биринде жакын адамдарым менен бирге белгилейин деп жатам", - деди ал.
Ырчы 1987-жылы 30-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Бешинчи-Магазин айылында туулган. Мектепте окуп жүргөн кезинде, 6-классынан тарта ырдап, чыгармачылыкка аралаша баштаган. "Ырчы жигит", "Капа болбо" аттуу ырлары менен эл оозуна алынган. Учурда "Добулбас" тобунда ырдап, обон чыгарып, аранжировка жасоо менен алектенет. Э.Маматов келе жаткан 2017-жылда жаңы ырларын жаздырып, клип тартууну пландап жатканын билдирди.
30-декабрга карата жылнаама.