Легендарлуу бокс падышасы Мухаммед Алинин кызы, профессионалдык беттештеринин эч биринде жеңилбеген мушкер Лейла Амария Али 39 жашка толду. Ал 1977-жылы 30-декабрда АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарында жарык дүйнөгө келген.
Лейла бала чагынан спорттун бул түрүнө жакын өсүп, 15 жашында карьерасын баштаган. Ал эми 1999-жылы 8-декабрда атаандашы Эйприл Фаулерди нокаутка учуратып, профессионалдык ринг босогосун аттаган. Боксчу профессионалдар арасында жарым орто салмакта IBA, WIBA, IWBF, WBC версиялары боюнча Дүйнө чемпиондуктарын жеңип алган. Профессионалдык рингге 24 ирет чыгып, баарында жеңишке жетишкен (21 нокаут). 2007-жылы спорттук карьерасын жыйынтыктаган.
Л.Али 2007-жылы "Жылдыздар менен бийлөө" долбоорунун америкалык версиясынын 4-сезонуна катышып, 3-орунга арзыган. Анын өнөгү профессионал бийчи Максим Чмерковский болгон. 1 жылдан соң "American Gladiator’s" телешоусунда жана CBS каналынын "Таңкы шоу" телеберүүсүндө алып баруучулук кызматты аркалаган. Мушкер айым косметикалык компаниялардын жарнамаларына тартылып да каражат табат.