Биз социалдык тармакта

13 жаштагы шахматчы Руслан Съездбеков Батыш Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды

13 жаштагы Руслан Съездбеков классикалык шахмат боюнча Батыш Азия чемпиондугунда коло медаль тагынды. Мелдеш Бириккен Араб Эмираттарында бүгүн, 30-декабрда жыйынтыкталды.

КРнын Шахмат федерациясынан кабарлашкандай, Руслан 14 жашка чейинки курактагы спортчулар арасында күчүн сынаган. Биринчиликке 7 мамлекеттен 12 спортчу катышкан.

9 турдан кийинки көрсөткүч боюнча Р.Съездбеков 7 упай топтоду. Анын негизги атаандаштары Сабери Махан (Иран) менен Тилакаранте (Шри-Ланка) да 7 упай топтогон. Жыйынтыгында жеңүүчү кошумча көрсөткүчтөр боюнча аныкталды. Алтын медалды Ирандын өкүлү, күмүштү Шри-Ланканын өкүлү тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2016-12-31 00:27:40
Азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан