31-декабрда орусиялык "Голос" музыкалык сынагында 3-орунду алган Кайрат Примбердиев мекендештерине колдоо көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
"Урматтуу мекендештерим, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем! Мага добуш берип, колдоп келгениңиздер мен үчүн сыймык. Сиздердин колдооңуздар менен финалга чыктым. Миң мертебе ыраазымын! Дарья Антонюк жеңишке татыктуу болчу, андыктан капачылык жок. Жаңы жылыңыздар менен!" - деп жазган ырчы социалдык тармактагы баракчасына.
Ошондой эле Кайрат Примбердиев насаатчысы Дима Биланга, алып баруучу Дмитрий Нагиевге, "Голос" долбоорунун уюштуруучуларына ыраазычылыгын жазган.