Автожарыштардын "Формула-1" сериясы боюнча 7 жолу Дүйнө чемпиону аталган германиялык Михаэль Шумахер акыркы 3 жылдан бери эсине келе албай жатат. 2013-жылы лыжа тээп жүрүп жыгылып, башынан жаракат алган спортчунун жакындары анын өмүрүн сактап калуу үчүн бүт аракетти жумшап жатышат.
Спортчуну дарылоого акыркы 3 жылда 16 миллион евро сарпталды. Чет элдик басылмалар кабарлагандай, спортчунун абалына 15 адис көз салып турат. Адистерге маяна төлөөгө жана медициналык жабдуулардын ижара акысына аптасына 130 миң евро коротулат. Бул чыгымдарды жабуу үчүн Шумахердин жакындары анын Норвегиядагы үйүн жана жеке учагын сатышкан.
47 жаштагы Шумахер өз алдынча баса албай жатат. Жакындарын тааныганы менен, сүйлөй албайт.