КИНОЗАЛ. Эксклюзив! "Напарниктер" тасмасы жооптуу кызматкерлерди ишин так аткарууга чакырат" дейт Бакыт Осмонканов

Бүгүн, 1-январда "Кинозал" бөлүмүнө "Напарниктер" тасмасы жүктөлдү. Интернет айдыңында биздин гана порталдан аталган тасманы көрө аласыздар. Башкы ролдордо - Жеңиш Майрамбек уулу менен Азим Кунеев.

2015-жылдагы көрүүлөр боюнча прокатка коюлган тасмалардын арасынан 2-орунда турган "Напарниктер" тасмасы укук коргоо органдарынын кызматкерлери тууралуу. Анда райондук эки милиция кызматкеринин кызыктуу, күлкүлүү окуялары чагылдырылат. 7 жылдан бери аймактык тескөөчү болуп иштеген Белекке шаардан Арстан аттуу кызматкер келип кошулат. Тасмада укук коргоо органдарынын ичиндеги көйгөйлөр, саткындык жана кыргыз үй-бүлөсүндөгү түрдүү маселелер көрсөтүлөт.

Тасманын режиссёру Бакыт Осмонкановдун айтымында, ар бир тасманын көрүүчүлөрдү жакшылыкка үйрөтүүчү жана үндөөчү идеясы, моралдык жактан оң мааниси болушу керек. Бул тасмада да режиссёр тамаша аркылуу кээ бир адамдардын аң-сезимин ойготкусу келген.

"Менин оюмча, укук коргоо органдарында, жоопкерчиликтүү кызматтарда иштегендер чын дилинен иштесе, кыргыз элинин жашоосу оңолот. Албетте, жашоо оор, бирок ага карабастан мындай жооптуу жерде иштегендер өзүнүн жумушун так аткарышса жакшы болмок. Тасманы көргөндөр туура иштөөгө мотивация алат деген ишенимдемин", - дейт Осмонканов.

Ар бир тасманы тартууда кыйынчылыктар болот эмеспи. "Напарниктер" тасмасы да өзгөчө кыйынчылыктар менен тартылганын кошумчалады режиссёр.

"Тасманы көп жерлерден тартканбыз, массовкага катышкандар да көп болгон, трюктар да көп жасалган. Кээде 2 секундалык кадрды бир күн кечке тартчубуз же 1 мүнөттүк жерине 1 жума кетчү, андыктан оорчулуктар болду. Балким, менин кино тартууда тажрыйбамдын аздыгы буга себеп болдубу... Бирок тасма жарым жылдык прокатта өзүн актады", - деди Бакыт Осмонканов.

"Напарники" тасмасын бул жерден көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Riokyrgyz
2017-01-01 23:49:40
Браво!!!
0
nur_zhoni
2017-01-02 03:46:46
Тамашоочу жигитерда тартылыптырда е
0
nur_zhoni
2017-01-02 03:46:59
Комур менен кытай
0
tuigan.
2017-01-02 08:32:27
Кечее кордук ктрден
0
NURTILEK_KG
2017-01-02 09:13:05
зынк кино экен.
0
tilek-x
2017-01-02 10:08:36
сонун кино экен корсон ыраахат аласын,кинонун коркун Жениш ачкан молодцы!!!
0
azim14
2017-01-02 10:43:34
аа жакшы жакшы чырагым
0
nelli
2017-01-02 11:10:08
Менин суйуктуумдун каарманы качан чыгат болдукен порталга????
0
Aksy.24kg
2017-01-02 13:44:46
Мега той качан чыгат
+2
meni_kut
2017-01-02 17:44:47
Мегатой,Уркун,План Бны качан киргизесинер админ?Жооп кутом
0
asad345
2017-01-02 19:03:54
Болот экенго ушинтип кино тартса, үй-бүлө менен отуруп көрүп жакшы экен. Мааниси да жакшы. Азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан