Талас. Электр энергиясын пайдалануу күчөөдө

Бүгүн “ТүндүкЭлектр” АКсынын маалымат кызматы 13-ноябрь күнү Талас шаарынын айрым көчөлөрүндөгү жарыктын өчүрүлүшү тууралуу маалымат берди. Ошол күндөгү аба ырайынын кескин түрдө бузулушунан улам электр энергиясын пайдалануу күчөп, кубаттуулукту иштеп чыгуучу гидростанциялардын жетишсиздигинен 1,5 саатка электр энергиясын чектөөгө мажбур болушкан. Бул күнү электр энергиясын колдонуу 1,5 миллион кВт саатты түзгөн. Бул көрсөткүч ноябрдын башындагы көрсөткүчкө караганда дээрлик эки эсеге көп. Негизинен, облус боюнча суткасына 1 миллион 277 миң кВт саат сарпталат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан