SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган көпчүлүк күткөн "Супер концертти" эми "Кинозал" бөлүмүнөн көрө аласыз.
Эскерте кетсек, концерт 9-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп, "Супер сулуу-2016" сулуулар сынагы менен коштолгон. Сынактын жүрүшүндө сулуулар өнөрлөрүн тартуулап, калыстардын чечими менен жеңүүчү аныкталган.
Эки муундун ырчылары атайын SUPER.KG'нин 10 жылдыгына арнап жаздырган ырларын элге тартуулашса, "Тамашоунун" "Позитифф" командасы "Жарайт сити" долбоорунун жигиттери менен биргеликте конокторго тамашаларын тартуулашкан.
Ошондой эле 10 жылдыктын урматына уюштурулган видеосынактын жеңүүчүлөрү сахнадан баалуу белектер менен сыйланышып, 1-орунду алган Жанеля Светюкованын ырчы Нурлан Насип менен сүрөткө түшүү кыялы орундалган.
Көптөгөн кызыктарга бай болгон "Супер концертти" көрүү үчүн шилтеме.