Дүйнөлүк басылмалар белгилүү ырчылар Женнифер Лопес менен Дрейктин сүйүү романы башталганын, буга байланыштуу Дрейктин мурунку сүйгөнү Рианна катуу депрессияга кабылганын, Лопес менен Рианна бир жигит үчүн дароо душманга айланышканын жазышууда. Жылдыздар өздөрү бул тууралуу билдирүү таратпаганы менен, экөөнүн ортосунда сүйүү романы бар экенин далилдеген сүрөт, видеолор интернетте байма-бай жарыяланууда.
Буга чейин Лопес менен Рианна жакын курбулардай болуп, бири-биринин чыгармачылыгын колдоп, дайыма белек-бечкектерин берип жүрүшкөн. Жакындан бери Рианна Лопести интернеттеги жеке баракчасынан өчүрүп, жадакалса телефон аркылуу ырчыга чалып, Дрейктен кол үзүшүн талап кылганын ырчынын жакындары билдиришкен.
Кызыгы, 2016-жылдын август айында "MTV VMA-2016" музыкалык сыйлыктарды тапшыруу аземинде Дрейк сахнадан "Мен 22 жашымдан бери сүйгөн адам - Рианна. Ал дүйнөдөгү мыкты досторумдун бири жана тирүү легенда" деп айтып, ырчы кызга болгон сүйүүсүн билдирген. Ал эми сүйүү үч бурчтугу эмне менен бүтөрү азырынча белгисиз.