КИНОЗАЛ. Эксклюзив! "Көпөлөк" тасмасын тартып жатканда оператор да көзүнө жаш алды" дейт Сүйүн Откеев

Көпчүлүктү жашыткан Сүйүн Откеевдин кезектеги "Көпөлөк" тасмасы порталыбыздын "Кинозал" бөлүмүн толуктады. Башкы ролдорду Малика Абдыразакова жана Нурлан Акматбеков аткарышкан.

Тасма ата-энесинен эрте ажырап, оор тагдырга кабылган Айтолкун аттуу кыз тууралуу. Айтолкундун эң жакын адамы - чоң энеси каза болгон соң аны жандап жүргөн жигит да чет өлкөгө окууга кетет. Айтолкун эжеси менен жашап калат. Бул эжеси аны аялы бар адамга экинчи аял болуп тийгенге мажбурлап баштайт. Дал ошол күндөрү баягы жандап жүргөн жигити кайтып келгени Айтолкундун жарык келечекке үмүтүн пайда кылат, бирок анын бактылуу күндөрү көпкө уланбайт...

Сүйүн Откеевдин айтымында, бул тасма менен кыздарды жакшы жолго чакырып, турмуштагы оор күндөрдү сабырдуулук менен жеңүүгө болорун көрсөткүсү келген. Тасманын негизги идеясы мындан 4-5 жыл мурун коюлган пьесадан алынган.

"Пьесаны Керез Зарлыкова жазган. Анын кээ бир жерлерин өзгөрттүк. Эженин эки кызы апасына белек кылып, ушул киного продюсерлик кылышты. Негизинен жергебизде комедиялык тасмалар гана өзүн актайт, бирок "Көпөлөк" прокатта 3 ай туруп, өзүн актап кетти. Мындай жанрдагы тасма сүйүүчүлөрү кинотеатрга бара беришпейт", - деди Откеев.

Тасмага башкы каармандын ролун аткарууга кастингге 70-80 кыз келген. Малика Абдыразакова кокустан табылып калганын, тартуу иштери башталганда образга кире албай 2-3 күн кыйналып, бирок анын актрисалык билими жок болсо да, баары бир жакшы аткарып бергенин айтты режиссёр.

"Эң кызыктуу учур башкы каармандын апасынын мүрзөсүнө келип ыйлаганын тартууда болду. Ал жери 2 дубль менен гана тартылса, биринчи дублду колдондук, экинчиси башка ракурстан алынган. Көрүүчүлөр ал кадрлардын иштелип гана чыкканын көрүп жатышат. Ал эми тартуу маалында Малика мүрзөнүн жанында туруп алып ыйлап, сүйлөп жатканда оператор да көзүнө жаш алган. Ал жерин мен көрүп, өзүм да кызыктай абалда болгом", - дейт Сүйүн Откеев.

"Көпөлөк" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dastanwanted
2017-01-03 11:07:42
Жакшы жакшы
0
Seryi-Kardinal
2017-01-03 14:49:55
oto dele kyzyktuu emea eken
+1
raykray
2017-01-05 15:22:30
Жагат мага кыз жакшы аткарган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан