ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: Атактуу актёр Мэл Гибсон 61 жашка толду

Америкалык жана австралиялык актёр, режиссёр, продюсер жана сценарист Мэл Гибсон (толук аты-жөнү - Мэл Колумсилл Жерард Гибсон) 61 жашка толду. Актёр 1956-жылы 3-январда АКШнын Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. 1968-жылы үй-бүлөсү менен Австралияга көчүп барып, Сидней улуттук театралдык искусство институтуна тапшырган.

Кинодогу алгачкы ролун 1977-жылы "Жайкы шаар" тасмасында жараткан. 1979-жылы "Акылсыз Макс" жана "Тим" тасмаларындагы ролдору үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Ал эми 1981-жылы "Акылсыз Макс" фильминин экинчи бөлүгү тартылып бүткөн соң дүйнөгө атагы чыгып, киного тартылууга Голливудга чакырылган.

М.Гибсон "Өлтүрүүчү курал" (1987), "Эйр Америка" (1990), "Мэверик" (1994), "Тайманбас жүрөк" (1995), "Жашыруун макулдашуунун эрежеси" (1997), "Аялдар эмнени каалашат?" (2000), "Белгилер" (2002), "Жаза" (2010), "Шаңдуу эс алуу" (2012), "Ээ-жаа бербегендер-3" (2014) сыяктуу белгилүү тасмаларда ролдорду жараткан.

1990-жылдын башында актёр өзүн режиссёр катары сынап, "ICON Production" студиясын ачкан. Анын режиссёрлук кылган алгачкы тасмасы "Жүзү жок адам" деп аталат. Андан соң ал "Тайманбас жүрөк" тасмасын тартып, ал "1995-жылдын эң мыкты тасмасы" аталып, "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон.

1980-жылы актёр Робин Мурга үйлөнүп, алар 2006-жылга чейин жашап, 7 балалуу болушкан. 2006-жылы орус актрисасы Оксана Григорьева менен мамиле куруп, экөө бир балалуу болуп, 2010-жылы ажырашышкан. Ал эми 2016-жылы күзүндө М.Гибсон 26 жаштагы жазуучу Розалинда Росс менен сүйүү мамилесин куруп, ал кош бойлуу экенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Жарыкка келе турган бала актёрдун тогузунчу баласы болот.

3-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан