Бүгүн, 3-январда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү жаңы, эксклюзивдүү "Доктор Айболот" тасмасы менен толукталды. Анда "тамашоучу" Самат Эркинбеков башкы каармандын ролун жаратуу менен бирге режиссёрлук милдетти аркалаган.
Тасмада Айболот аттуу жигит медициналык окуу жайды аяктап, айылга практика өтөөгө жөнөйт. Ал жакта дарыгер болуп, айыл жашоочуларынын тагдыры менен алпурушуп, ийне сайганды үйрөнөт. Бейтаптарга түрдүү диагноздорду коюп, айрымдарын киренелейт. Ал окууну бүтүп диплом алып жатканда агай-эжейлери "Бүтүп кетишиң менен куттуктайбыз!" деп, кутулганына сүйүнүшөт. Ошентсе да колунан эч нерсе келбеген Айболот бир айыл үчүн үмүт шамын жаккан дарыгерге айланат. Ошондой эле анын ар бир күнү күлкүлүү окуялар менен коштолот жана анын досу көпчүлүктү таң калтырып, итти сүйлөтөт.
Тасма тууралуу Самат Эркинбеков буларды билдирди:
"Тасманы кандай атасак деп ойлондук, көп эле варианттар бар болчу. Анан белгилүү "Доктор Айболит" аңгемесиндеги Айболит деген каарманды кыргызчалап, тасманы "Доктор Айболот" деп атадык. Өзүм туулган Чүйдүн Он-Бир-Жылга айылында тартылды. Жарыкка чыга электе эле көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып, жарнама же трейлер аркылуу көргөндөр "Качан тасма жарыкка чыгат, качан көрөбүз?" деп сурап жатышты. Көрүүчүлөрдөн жакшы пикирлерди уктук. Өзүнө кеткен чыгымды толук актады. Албетте, анда башкы каармандын, режиссёрдун кызматын аркалагандыктан кыйынчылыктар да болуп жатты. Ага карабай баарын ийгиликтүү бүтүрдүк".
"Доктор Айболот" тасмасын бул жерден көрүңүз.