ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: Легендарлуу автожарышчы Михаэль Шумахер 48 жашка толду

"Формула-1" жарышы боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, легендарлуу немис автожарышчысы Михаэль Шумахер 48 жашка толду. Ал 1969-жылы 3-январда Германиянын Хюрт-Хермюлхайм шаарында жарык дүйнөгө келген. Атактуу спортчу "Формула-1" боюнча Дүйнөнүн 7 жолку (1994, 1995, 2000, 2001, 2002, 2003, 2004-жылдар) чемпиону аталган. Михаэль рулга 3 жашында отуруп, 5 жашынан тарта карт жарыштарына катышып баштаган. Ал эми 14 жашында расмий түрдө жарышчы укугуна ээ болуп, өз өлкөсүнүн жана Европанын чемпиондуктарына катыша баштаган.

2013-жылы 29-декабрда Франциянын Мерибель курортунда Шумахер үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн кезде лыжа менен тоодон түшүп келе жатып жолдон чыгып кетип ташка чалынып, башы менен аскага урунган. Аябай катуу урунгандыктан, башындагы шлеми талкаланып кеткен. Оор абалдагы спортчуну атайын тик учак менен Гренобль шаарындагы ооруканага жеткиришкен. Спортчу 6,5 ай комада жатып, 2014-жылы июнь айында чыккан. Учурда Шумахер Женева көлүнүн жээгиндеги вилласында дарыланып жаткандыгын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

М.Шумахер тууралуу кызыктуу маалыматтар:

  • Биринчи дүйнөлүк согуштагы эң мыкты учкуч Манфред фон Рихтгофенди "Кызыл барон" деп аташкан. Себеби анын аэропланынын өңү кызыл болгон. Шумахер ушул баронго окшоштугу жана "Ferrari" болиди, кийген спорттук кийими да кызыл болгондугу, өзүнүн жеңилбестиги үчүн "Кызыл барон" каймана атка конгон.
  • 2006-жылдын 25-октябрында араб шейхи Мухаммед ибн Рашид аль-Мактум Михаэль Шумахерге жасалма The world архипелагынан баасы 7 миллион долларды чапчыган аралды белекке тартуулаган.
  • Михаэлдин бир тууган иниси Ральф Шумахер да атактуу жарышчы.
  • Михаэль атвожарыштан тышкары Швейцариянын 3-лигасында ойногон "Эхихенс" футбол клубунун оюнчусу болгон.

3-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан