Үстүбүздөгү жылдын 11-майында Ысык-Көлдө “Run the Silk Road” аттуу 2-эл аралык марафон өткөрүлөт. Иш-чараны “Япон-кыргыз биримдиги” жаштардын коомдук фонду уюштурууда. Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спорт сүйүүчүлөр катышып, анда кыска, узун аралыкка чуркоолор орун алат. Марафондун максаты - Кыргызстандагы туризмдин деңгээлин жогорулатуу менен калкты спортко кызыктыруу, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн туристтер менен катар спортчуларды өлкөгө тартуу, ошондой эле Кыргызстандын таза суусун, кооз жаратылышын даңазалоо болуп саналат. Иш-чара саат 9:00дө башталат.
Эске сала кетсек, 900дөй адам катышкан 1-эл аралык марафон Кыргызстанда 2012-жылдын 26-майында өткөрүлгөн.