ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: Ырчы Болот Тасмаев 46 жашка толду. "Төрөлгөндө гана туулган күн, калганы жашоо да" дейт ал

Бүгүн, 3-январда ырчы Болот Тасмаев 46 жашка толду. Аны куттуктап байланышканыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн достору менен белгилей турганын билдирди.

"Туулган күн төрөлгөндө гана эмеспи, ал эми калган күндөр жашоо. Жаш кезимде туулган күнүмдү күтчү элем. Убакыт өткөн сайын көп деле маани бербей калдым. Өздүк майрамымды бүгүн кечинде досторум менен чогуу өткөрөйүн деп жатам. Ал эми куттуктоолор 00:00дө башталган", - деди ал.

Ырчы 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында төрөлгөн. Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан, Болот Тасмаев кичинекей кезинен сахнага чыккан. Ош шаарындагы Гагарин атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1991-1992-жылдары алып баруучулук менен алектенген. Акын Кыялбек Урманбетовдун "Аманат" ырын ырдап чыгып, эл оозуна алынган. Эң биринчи ыр жыйнагы "Сен билген жоксуң" аталышында 14 ырды камтып, 2014-жылы жарык көргөн.

3-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Totyua.71.
2017-01-03 22:35:20
Туулган кунун менен классташ!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан