Эрежесиз мушташ: Ронда Роузи утулган соң Валентина Шевченко UFC`нин рейтингинде 1-орунду ээледи

Мушкерлердин абсолюттук чемпиондугу "UFC-207" мелдешинен кийин бир катар салмак категориялары боюнча рейтингди жаңылады. Кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко өз салмак категориясында (61,2 кг) 1-орунду ээледи.

"UFC-207" мелдешинде учурдагы чемпион Аманда Нунез экс-чемпион Ронда Роузини 48 секундада нокаутка учуратып, чемпиондук наамын коргоп калды. Бул жеңилүүдөн кийин Роузи рейтингде 4-орунду ээледи.

Бул салмак категориясында мушкерлер 28-январда беттеш өткөрүшөт. "UFC on Fox 23" мелдешинин алкагында Шевченко венесуэлалык Жулианна Пенья менен беттешет. Жеңүүчү аталган спортчу Нунез менен чемпиондук кур үчүн мушташуу укугуна ээ болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kama_future_millioner
2017-01-03 14:17:32
Ооо жакшыго куттуктайм кийинки беттешине ийгилик
+11
nur_zhoni
2017-01-03 16:15:23
Ушундуй кыздарга окмотон чонурак нерсе болунсо жакшы болмок
0
Nur1k
2017-01-03 16:34:06
Эн жакшы буюрса чемпион болот
+2
Nazaralikarakulja
2017-01-10 02:30:31
Валентина Молодец ийгилик каалайбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан