ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: 9 жыл мурун советтик жана орусиялык кино жылдызы, атактуу актёр Александр Абдулов көз жумган

Мындан 9 жыл мурун, 2008-жылы 3-январда Орусиянын Эл артисти, советтик жана орусиялык актёр Александр Абдулов көз жумган.

Ал 1953-жылы 29-майда Орусиянын Тобольск шаарында театр кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Гавриил Абдулов Александр төрөлгөндөн кийин Фергана драмалык театрын негиздеп, үй-бүлөсү менен ошол жакка көчүп кеткен. Апасы Людмила Абдулова театрда гримдөөчү болуп эмгектенген. Александр Абдулов 5 жашында атасы жетектеген Фергана драмалык театрынын сахнасында алгачкы жолу эл алдына чыгып, биринчи ролун жараткан. Кийинчерээк болочок актёр бүткүл өмүрүн спортко арноону да чечип, кылыч менен чабышуу боюнча "СССРдин Спорт чебери" деген наамдын ээси болууга жетишкен.
Александр Абдулов кино дүйнөсүнө 1974-жылы аралаша баштаган. Актёрдун кинодогу эң алгачкы кадамы "Витя, Маша жана деңиз аскерлери жөнүндө" аттуу тасмадан башталган. Ал эми чыныгы атактуулук актёрго "Кадимки сыйкыр" аттуу фильминдеги ролунан кийин келген. Анын эмгегинен жаралган дагы бир популярдуу кино - "Сүйүк­түүңөр менен ажырашпагыла". Андан кийин эле Абдулов катышкан "Так ошол Мюнхгаузен" (1979), "Сыйкырчы" (1982), "Свифт курган үй" (1983), "Сүйүүнүн эрежеси" (1984), "Эң татынакай жана суктандырган айым" (1985) жана башка кинолор биринин артынан бири жарык көрө баштаган.
Александр Абдулов жалпысынан 140ка жакын фильмде роль жараткан. Акыркы жылдары "Сүйүү жөнүндө", "Муз доору", "Капкан", "Артист кыз", "Лузер" сыяктуу тасмаларында аткарган ролдору аркылуу элдин көзүнө илинген. 1986-жылы "СССРдин Эмгек сиңирген артисти", 1991-жылы "Орусиянын Эл артисти" наамдарынын ээси болгон. Ошондой эле 1997-жылы Ардак ордени, 2007-жылы "Мекенине сиңирген эмгеги үчүн" IV даражадагы ордени менен сыйланган.
Актёрдун 4 сүйүктүүсү болгон. Алгачкы жубайы актриса Ирина Алфёрова, кийинкиси Галина Лобанова аттуу балерина болгон. Андан соң Лариса Штейнман аттуу журналист кыз менен да бир канча убакыт бирге болгону көпчү­лүккө маалым. Кийин Юлия Игнатенко аттуу модель кыздын колун кармап, Евгения аттуу кыздуу болушкан.
А.Абдулов 2007-жылдын август айынан баштап ден соолугуна байланыштуу тасмага тартылууну убактылуу токтото туруусуна аргасыз болуп, врачтардын көзөмөлү­нөн өткөн. Алгач ашказан жарасынан операция болгон. Андан соң чет элдик дарыгерлерден кеңеш алуу үчүн Израилге учкан. Ал жактан "IV даражадагы өпкө рагы" деген диагноз коюлуп, дарылана баштаган. Бирок ал натыйжа берген эмес. Актёрдун сөөгү 5-январь күнү 22 миңге чукул кишинин узатуусунда Москва шаарындагы Ваганьков көрүстөнүнө коюлган.

3-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан