Бишкекте 60 жаштагы тургунду бутка атып, 150 миң сомун алып кеткендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Бул окуя 29-декабрь күнү саат 18:20 чамасында Москва көчөсүндө болгон. Анда 30-35 жаштардагы белгисиз үч адам 60 жаштагы шаар тургунун тапанча менен бутка атып, жанындагы 150 миң сомун карактап кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган К.Н. кармалган. Учурда ал тергөө абагына киргизилген. Ал эми кылмышка тиешеси барларды издөө иштери жүрүүдө.