Дортмунддук "Боруссия" футболдук клубунун 18 жаштагы оюнчусу Дарио Скудери карьерасына чекит коюлганын моюнга алып, чоң спорттон кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, футболчу өткөн жылы 14-сентябрда жаштар арасындагы Европа Лигасынын алкагында "Легия" менен болгон оюнда жаракат алган. Кагылышуудан кийин спортчунун буту кайрылып, тизе муунундагы кемирчеги жабыркаган.
Спортчуга 10 күн ичинде 8 операция жасалган, бирок дарыгерлер анын футбол ойной албасын айтышты.