20-апрель күнү "Манас" аэропорту менен Төмөнкү Чүй айылы биргеликте аталган айылдагы жаш өспүрүмдөр арасында футбол боюнча мелдеш уюштурду. Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш Төмөнкү Чүй айылындагы мектепте көп жылдар бою дене тарбия мугалими болуп эмгектенген Буба Басаровдун жаркын элесине арналып уюштурулду. Жарышка 6 команда катышып, жаш оюнчулар байгелүү орун үчүн күч сынашты. Соңунда бардык командаларга атайын сертификаттар тапшырылып, футбол тобу белекке берилди.