ЖЫЛНААМА, 4-ЯНВАРЬ: Элмира Кайып кызы 42 жашка толду, ырчы туулган күнүн мекенине кызмат кылуу менен өткөрүүдө

Бүгүн, 4-январда ырчы Элмира Кайып кызы 42 жашка толду. Аны өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

"Туулган күнүмдү алгачкылардан болуп үйдөгү жакын адамдарым 00:00дөн өткөндө куттукташты. Көптөгөн белектерди алып, куттуктоолорду угуп жатам. Учурда Чек ара кызматында жумуштамын. Кечинде мени кандай сюрприз күтүп турат билбейм, ресторандардын биринде майрамдайбыз го, сыягы", - деди ал. Ошондой эле ырчы учурда жаңы ырларды жаздырып жатканын айтып, күйөрмандары анын жаңы чыгармаларын жакын арада уга ала тургандыгын билдирди.

Ырчы 1975-жылы 4-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Токтогул Сатылганов атындагы эстрадалык студияны жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган. Алгач Рыспай Абдыкадыровдун "Ак куулар сени сагынар" деген ыры менен Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин "Калды эсимде" деген ыры менен таанылган. Учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинин насаатчысы, прапорщик чининин ээси.

4-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlan.1987
2017-01-05 11:34:58
Аа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан