МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кыргыз жери" ырынын клибин түркиялыктар бекер тартып, мага белек кылышкан" дейт Саламат Садыкова

Кыргыз жери тууралуу аткарылган мыкты чыгармалардын бири - Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова аткарган "Кыргыз жери". Чыгарма бир кезде мамлекеттик чоң иш-чараларда, майрамдарда жаңырып, хит болуп, дале популярдуулугун жоготпой келет. Эл артисти бул ырга клипти түркиялык ТРТ телеканалынан өкүлдөр келип тартып кетишкенин айтат.

"Бул клипти кыргыздар тарткан эмес, мен ырдап чыккан учурда, тагыраагы, 1992-жылы түрктөрдүн ТРТ телеканалынан келип, атайын тартып кетишкен. Мени шаардын четине алып барып, ошол жактан абдан жакшы маанайда баарын бүтүргөнбүз. Менден бир тыйын да албай, клипти толук бүтүрүп, белекке беришкен.

Чыгарманы эл-жерге болгон сүйүү, чоң күч, ички дүйнөдөгү чоң жоопкерчилик менен аткаргам. Кыргыз жерине болгон арзуу, ой-тилек, ыйык сүйүүмдүн баары ошол чыгармада", - дейт С.Садыкова.

Клип мекенди, Кыргыз жерин сүйүүгө үндөп турарын Эл артисти кошумчалады.

Саламат Садыкованын "Кыргыз жери" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2017-01-04 19:06:03
Саламат эженин адам керчилигине, жонокойлугуно абдан баа бердим. Дубайдан чогуу тамактанып калып баарлашканбыз. Эжеке бар болунуз ар дайым. Иштеринизге ийгиликтерди каалайм.
+1
Azizbek.kg8
2017-01-04 20:01:02
Чынында солнце чыгарма ошол ырды алыста журуп уксан сагыныч ого бетер кучоп кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан