Быйыл Ысык-Көлдүн атынан футбол боюнча өлкө чемпиондугуна 1 команда катышат

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада командалардын санын арттыруу аракеттери кызуу жүрүп жатат. Акыркы сезондо мелдешке 7 команда катышып, Оштун "Алай" командасы чемпион болду.

Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов Ысык-Көл облусунун башчысы Аскат Акибаев менен жолугуп, футбол жаатында баарлашуу орун алды. Жыйынтыгында облус башчы быйылкы сезондо өлкө биринчилигине облус атынан 1 команда даярдап берүүнү убада кылды.

Футбол Лигасынан кабарлашкандай, эгерде облус башчы сөзүнө турса, Ысык-Көлдө стадион жана мейманкана курулат.

Акыркы сезондо ТОП-Лигада оюн көрсөткөн 7 команданын экөө: "Дордой", "Алга" Бишкектин атынан чыгышат. Ал эми "Ала-Тоо" командасы кагаз жүзүндө Нарындын командасы катары катталганы менен, оюндарды Бишкекте өткөрөт. "Алай" менен "Алдиер" клубдары Оштун атынан чыкса, Чүй облусунан канттык "Абдыш-Ата" менен кара-балталык "Кара-Балта" клубу мелдеште күч сынады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot...kg
2017-01-04 16:14:30
Оо жакшы жакшы.
KG united
Нефтчи
Деген командалар да бар элего
-1
oroskulov1988
2017-01-04 16:18:14
Быйыл 10 команда ойнойт
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-04 17:25:10
Эххх мен да жаш болсом фудболду уйронмокмун
0
Edward.14
2017-01-04 17:58:12
Ар бир облустан 1ден команда анан чон чон шаарлардан 1ден команда чыкса сонун болмок да
+1
erlist
2017-01-07 02:12:14
Кереметуу Ысык-Кол алга!!!Жениш кутобуз Колдуктордон!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан