15-январда Габондо футбол боюнча Африка Кубогу старт алат. 31-ирет уюштурулуп жаткан кара континенттин биринчилигине 16 команда катышмакчы. Командалар 4 тайпага төрт-төрттөн бөлүштүрүлгөн. Кийинки баскычка өз тайпаларында алдынкы 2 орунду ээлеген командалар чыкмакчы.
SUPER.KG порталы бул мелдеш тууралуу айрым маалыматтарды сунуштайт.
МЕЛДЕШКЕ КЕЛБЕГЕН ОЮНЧУЛАРГА ЧАРА КӨРҮЛӨТ
Финалдык баскычка континенттеги мыкты аталган 16 команда чыкты. Командалардын курамында да мыкты оюнчулар бар. Жайкысын күн ысык болгондуктан, мелдеш дайыма кыш мезгилинде уюштурулуп келет. Бул Европадагы ири клубдарда ойногон айрым футболчуларга ыңгайсыздык жаратат, себеби бул маалда Европадагы клубдар ар бир упай үчүн күрөш жүргүзүп жаткан болот. Башкы курамдагы ордун сактап калуу, клубдун машыктыруучусунун купулуна толуу аракетин көрүп жаткан айрым футболчулар мелдешке катышуудан баш тартышат. Мисалы, быйыл Камерун курамасынын өкүлдөрү Жоэль Матип менен ("Ливерпуль") Аллан Ньом ("Вест Бромвича") клубдагы абалдарын бекемдеп алуу максатында биринчиликке катышуудан баш тартышкан.
Бирок аларга футбол федерациясынан чакыруу келди. Эгерде футболчулар белгиленген мөөнөттө өз мекенине кайтышпаса, аларга Эл аралык футбол федерациясы тарабынан атайын чара көрүлөт. Балким, бир канча убакыт аралыгында майданга чыгуу укугунан ажыратышат. Ошондой эле акчалай айып пул клубдарга салынат.
ЕГИПЕТ МЕЛДЕШТИ 7 ЖОЛУ УТКАН, УЧУРДА ДРОГБАНЫН КОМАНДАСЫ ЧЕМПИОН
Африканын биринчилиги ар дайым кызыктуу өтөт. Мелдеште күйөрмандардын сюрприздерине, 90 мүнөт тынбай чуркаган футболчулардын физикалык дареметине күбө болуу мүмкүн. 2 жылда бир өткөрүлүүчү биринчилик 1957-жылдан тарта уюштурулуп келет.
Континенттин биринчилигин Египет 7 жолу уткан. Бул көрсөткүч бүгүнкү күндө рекорд болуп эсептелинет. Гана жана Камерун курамалары 4 жолудан чемпион болушкан. Чемпиондук Кубокту жалпысынан 14 мамлекеттин футболчулары багындырышкан. Учурдагы чемпион - Кот-д’Ивуар командасы.
Мелдештин тарыхындагы мыкты бомбардир катары 1-сапка Самуэль Это`о атын жазган. Анын эсебинде жалпысынан 18 гол бар. Бул рекордду жакын арада жаңылоо кыйынчылыкты жаратары шексиз.
ЧЕМПИОН 4 МИЛЛИОН ЕВРО СЫЙЛЫК АЛАТ
Мелдештин байге фонду буга чейин 10 миллион еврону түзүп келсе, быйыл 16 миллион еврону түзөт. Жеңүүчү аталган команда 4 миллион евро акчалай сыйлык алат. Ал эми 2-орундун ээсине 2 миллион евро каралса, 3-орунду камсыздаган командага 1,5 миллион евро ыйгарылат. Калган сумма финалдык баскычка чыккан командаларга бөлүштүрүлүп берилет.
Сыйлыктар чемпиондук кубок жана акчалай сыйлыктар менен бүтпөйт. Жеңүүчү аталган команда быйыл Орусияда өтө турган Конфедерация Кубогуна жолдомо алат.