Бүгүн, 5-январда белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 68 жашка толду. Актёрду өздүк майрамы менен куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталынын эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, Жаңы жыл менен куттуктап, каалоо-тилегин айтты.
"Туулган күнүмдү үй-бүлөм менен өткөрүп жатам. Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы болуп калды. Учурда үйдө дарыланып жатам", - деди ал.
Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Үч-Эмчек айылында жарык дүйнөгө келген. Актёрдук билимди Москвадагы театралдык институттан алган. Актёрдун кинодогу ролдору - "Мен Тянь-Шань" (Ильяз), "Айсулуунун талаасы" (Сабыр), "Каныбек" (Түлкүбек), "Акбаранын көз жашы" (Базарбай), "Саманчынын жолу" (Субанкул), "Кайчы жолдор" (Хан) жана башка жаңы кыргыз тасмаларындагы ролдору. Ал эми театрдагы ролдору - "Курманбек" (Курманбек), "Барпы ырчы" (Барпы), "Коммунист Танабай" (Танабай), "Отелло" (Отелло), "Дарак түбүндөгү махабат" (Кэбот) жана башкалар. Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру.
5-январга карата жылнаама.