МЕДИА-ПОРТАЛ: "НурЧолпондун "Эркиндик" клибин тартууда убакыттын тардыгынан көп нерсе биз ойлогондой болбой калды" дейт режиссёр

Элди патриоттуулукка үндөгөн чыгармалардын бири болгон "Эркиндик" ырын жаш ырчы НурЧолпон аткарат. Ырчынын продюсери, режиссёр Сүйүн Откеев жогоруда аталган ырдын клиби тууралуу интернет колдонуучулар жылуу пикирлерин жазып жатышканын айтат.

"Клип күз мезгилинин алгачкы айларында тартылып, жакында эле көрүүчүлөргө тартууланды. Убакыттын тардыгынан ат чаап бараткан же дагы башка кыргыздын жакшы каада-салтын чагылдырган кадрларды тартууга мүмкүн болбой калды.

Кеч күз болуп, бирде жамгыр, бирде кар жаап жаткандыктан, өлкөбүздүн кооз жерлерин тарта албай калдык. Андыктан кооз кадр, сүрөттөр менен клипти кооздогонго туура келди. Ооба, бул ырга мындан да жакшы клип тартса болмок, бирок убакыттын тардыгынан көп нерсе биз ойлогондой болбой калды.

Ага карабай колдонуучулар чыгарма тууралуу жакшы пикирлерин айтып жатышат. Буюрса, мындан ары НурЧолпондун башка клиптеринин үстүнөн иштеп баштайбыз", - дейт С.Откеев.

НурЧолпондун "Эркиндик" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Patriotkgz93
2017-01-06 22:39:39
Убакыт неге кандайча тар эле. Кыш келип кеттиби же срочно клип чыгаруу заарыл беле
+3
Asem89
2017-01-07 00:28:04
Ошо да, неге шашышат, бир ишти жакшы эле жасашпайбы, аягына чейин. Бул жон эле шылтоого окшоп калыптыр.
+2
Izdeim_seni.
2017-01-07 10:18:47
Убакыт тар болдубу,же убакытка зар болуштубу маанилуу эмес,клип ото начар. Вот в чем дело.
+1
Aldyiar
2017-01-07 17:04:56
НурЧолпон кыз акча азырак берип койсо керекда режиссёрго, анан булар ары-бери кылып чыгарып койушат. Эмне мындан башка шылтоосу жок бекен булардын, убакыттын тардыгынан коп нерсе болбой калды деп, окунуштуу экен уят хахаха.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан